Насыялык тарыхты сактоо мөөнөтү 2 жылга чейин кыскарышы мүмкүн

Жогорку Кеңеш Загрузка... 02 Март 2026 17:33
356488_jsttj5y.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда колдоого ээ болду.

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору насыялык маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, мыйзам долбоору менен карыз алуучулардын насыялык маалыматтарын сактоо мөөнөттөрүн кыскартуу каралууда, бул карыз алуучулардын кредиттерге жетүүсүн жеңилдетүүгө, банк тутумуна болгон жүктөмдү азайтууга жана чакан жана орто бизнестин өнүгүшүн стимулдаштырууга мүмкүндүк берет.

"Депутаттардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен негативдүү насыялык маалыматты эсепке алуунун жалпы мөөнөтүн 5 жылдан 2 жылга, ал эми позитивдүү насыялык маалымат үчүн 7 жылдан 5 жылга кыскартуу сунушталууда", - деди баяндамачы.