Бишкек 22.07.25 /Кабар/. NASAнын 300гө жакын мурдагы жана азыркы кызматкери АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын саясатына каршы чыгууда. Алар аны сынга алган өңүттөгү The Voyager Declaration аттуу декларацияга кол коюшканын Известия басылмасы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, декларацияда “акыркы саясий чечимдер мамлекеттик каражаттардын ысырап болушуна, элдин коопсуздугуна жана NASAнын негизги миссиясына коркунуч жаратат. Биз бул саясатка макул эмеспиз” деп жазылган.
Ошондой эле кол коюучулар кадрлардын массалык кыскартылышына, космостук изилдөөлөрдүн каржыланбай калышына, эл аралык миссиялардан баш тартууга жана гранттар менен келишимдердин токтотулушуна каршы экенин билдиришкен.
Буга чейин, 9-июлда NASA компаниясынан 2694 кызматкер кетүүгө мажбур болгон. Адистер мындай кадамдар Ай жана Марс программаларына терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептешет. Ошондой эле бул президенттин администрациясы пландаган кыскартуулардын жарымы гана деп айтылат маалыматта.