Бишкек, 19.11.25 /Кабар/. NASA уюму 2026-жылдын апрелине чейин “Orion” кемесинин төрт астронавты менен Айды айланып учурууну ишке ашырууну көздөп жатат. Бул тууралуу Интерфакс кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, Artemis II миссиясына америкалык астронавттар Рид Уайзман, Виктор Гловер, Кристина Кох жана канадалык Жереми Хансен катышат. Кеме Канаверал мүйүзүндөгү Кеннеди космостук борборунан оор класстагы SLS ракета-ташуучусу аркылуу учурулат.
Бул акыркы 50 жылдан ашык убакыттагы Айга багытталган биринчи пилоттук миссия болот. Астронавттар Айдын бетине конушпаса да, SLS ракета-ташуучусу жана “Orion” кемесин келечектеги Айга конуу экспедициялары үчүн сыноодон өткөрүшөт. NASAнын кийинки маанилүү кадамы — 2027-жылдын ортосунда пландалган Artemis III миссиясы, анда эки астронавт Айдын түштүк уюлуна конушуп, 8–12 күн бою изилдөө жүргүзүшөт.