NASA астронавттарынын ачык космостогу миссиясы ийгиликтүү аяктады

Дүйнө Загрузка... 01 Июль 2026 09:10
ececf45b-a25a-4d65-b12a-b489490786d9.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.07.26 /Кабар/. 30-июнда NASA’нын астронавттары Кристофер Уильямс менен Жессика Меир Эл аралык космос станциясынын сыртында жүргүзүлгөн оңдоо иштерин ийгиликтүү бүтүрүп, станцияга кайтып келишти. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.

Маалым болгондой, алар станциядагы Canadarm2 аттуу робот-манипулятордун бузулган бөлүгүн жаңысына алмаштырышты. Бул манипулятор космос станциясынын сыртындагы жабдууларды жылдыруу, астронавттарга жардам берүү жана космостук кемелердин станцияга туташуу иштеринде колдонулат.

NASA’нын маалыматына ылайык, 27-майда пландуу текшерүү учурунда манипулятордун кыймылдаткычы ашыкча электр энергиясын колдонуп жатканы жана туура иштебей калганы аныкталган. Ошондон кийин анын иши убактылуу токтотулган.

Астронавттар станциянын Quest шлюз модулунан чыгып, ачык космосто жалпысынан жети саат иштешти.

Бул Эл аралык космос станциясын куруу, тейлөө жана жаңылоо иштеринин алкагындагы 280-ачык космоско чыгуу болду.

Учурда Эл аралык космос станциясында жети адамдан турган экипаж иш алып барууда.