Бишкек 28.07.25 /Кабар/. АКШнын Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук NASA агенттиги кызматкерлеринин 20 пайызын жумуштан бошотот. Бул тууралуу Коммерсант агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей, жалпы 18 миң кызматкердин ичинен 3870 адам кетет. Алардын көбү агенттик менен макулдашуу аркылуу өз ыктыяры менен кетип жатышат. Бул кадам - президент Дональд Трамптын администрациясы жүргүзүп жаткан мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу саясатынын бир бөлүгү болуп саналат.
Июль айында NASAнын 300дөй кызматкери ачык кат менен Ак үйдү жана агенттик жетекчилигин сындап, кыскартуулар NASAнын дүйнөлүк лидерлигине жана Ай менен Марска уча турган долбоорлорго коркунуч жаратарын белгилешкен.