НАСА 2030-жылы Марска экспедиция жөнөтөрүн билдирди

Дүйнө Загрузка... 04 Сентябрь 2025 09:13
WhatsApp Image 2025-09-04 at 09.10.44.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 04.09.25. /Кабар/. НАСА уюму адамдарды Марска 2030-жылдардын башында жиберүүнү пландап жатат. Бул тууралуу АКШнын транспорт министри жана НАСАнын убактылуу башчысы Шон Даффи билдиргенин Риа Новости жазды.

Даффи белгилегендей, экспедиция узак убакытка созулат.

“Экспедиция сегиз айдан ашык учат. Марска учуу миссиясы өтө узак жана татаал болгондуктан ага даярдык катары алгач Айга учуу тажрыйбасы маанилүү болуп саналат”,-деди ал.

Ошондой эле АКШ Айга жүк жеткирип, "базалык лагерь" курууну пландоодо. Бул миссия 2027-жылдын ортосунда ишке ашат. Астронавттар буга чейин Айда эң узак 3 күн жүрүшсө, Artemis III миссиясы менен 8-12 күндөй болушат.