1-апрелден тарта билим берүү мекемелериндеги айлык акылар бирдей шартта 100 пайызга жогорулатылууда. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирип, жогорулатылган маяналар эртеңден тарта мугалимдердин банктык карталарына түшө баштай турганын маалымдады.
Буга байланыштуу “Кабар” агенттиги аймактык жаш мугалимдин анын айлык акысына байланышкан пикирине кызыгып көрдү.

Нарын шаарындагы Эсенгул Ибраев атындагы №4 инновациялык мектептин башталгыч класстарынын мугалими Гүлиза Дайырбек кызы төрт жылдан бери эмгектенип келет. Ал жумасына 16 саат сабак берет.
Анын айтымында, эмгек жолунун алгачкы жылдарында 21 миң сом айлык алган. Быйыл декреттик өргүүдөн чыгып, 26 миң сом менен иштеп жаткан. Эми жогорулатылган айлык 50-55 миң сомдун тегерегинде болот деп күтүп жатат.
Мугалим буга чейинки айлыгы жашоосуна толук жетпей келгенин белгиледи.
“Мурдагы айлыгым бир аз тартыш болуп калчу. Себеби, күнүмдүк жашоого, өзүмдүн жана кызымдын керектөөлөрүнө, ошондой эле окуу куралдарына чыгымдар көп болот. Эми жогорулатылган айлык жетиштүү болот деп үмүттөнөм”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 1-апрелден тарта мугалимдердин айлыгы эки эсе жогорулады. Мындай чечим президент Садыр Жапаровдун 26-марттагы жарлыгына ылайык кабыл алынды.
Көбөйтүлгөн эмгек акыны ала турган кызматкерлердин саны төмөндөгүдөй:
- Мектепке чейинки билим берүү – 30 960;
- Мектептик билим берүү – 128 437;
- Башталгыч кесиптик билим берүү – 8 563;
- Мектептен тышкаркы билим берүү – 2 143;
- Орто кесиптик билим берүү – 8 120;
- Окуу-методикалык кабинеттер – 407;
Педагогдордун квалификациясын жогорулатуу институттары жана борборлору, Кыргыз билим берүү академиясынан – 401 адам камтылды. Бардыгы биригип 183 миң 978 адамды түздү.
Жаңы эмгек акы 7040 сом өлчөмүндөгү минималдык базалык ставка, ага кошулган коэфициенттер менен эсептелинет. Ошондой эле эмгек акыларга 15 миң сомдук президенттик компенсация кошулуп берилди. Ал эми компенсациянын көлөмү техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5 миң сомду түзөт.

Айлык акылар төмөндөгүдөй болуп өзгөрдү (чейин жана кийин):
- Мектеп мугалими – 26800 – 50972 (18 саат) сом;
- Бала бакча тарбиячысы – 26 976 – 55 723 (36 саат) сом;
- Методист – 15210 – 53438 (40 саат) сом;
- Ийрим жетекчиси – 27076 - 49 872 (20 саат) сом;
- Өндүрүштүк окутуу устаты - 28 966 – 57128 (40 саат) сом.
Жетекчилердин дагы маянасы төмөндөгүдөй көтөрүлдү:
- Мектеп директору – 22 472 – 55 255;
- Бала бакча жетекчиси – 18 676 – 52 447;
- Методикалык кабинеттин жетекчиси - 18 676 – 55 255;
- Мектептен тышкары билим берүү уюмунун жетекчиси – 17 011- 49 022;
- Кесиптик лицейлердин директорлору – 25 692 – 56 107 сомго көбөйдү.
Республикалык бюджеттен билим берүү секторуна 58 млрд сом каралган. 9 айга эмгек акыны жогорулатууга кошумча бюджет - 41,3 млрд сом. Ошондой эле 2027-жылы 55,1 млрд талап кылынат.