Нарында прокурорлор элдин көйгөйлөрүн жеринде угат – даректери

Аймак
Нарында прокурорлор элдин көйгөйлөрүн жеринде угат – даректери
copyright icon WWW

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. 2-ноябрдан 10-ноябрга чейин шаардык жана райондук прокурорлор жарандарды жеринде жеке кабыл алуу уюштурулат.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын алкагында прокурорлор айыл аймактарына барып, жергиликтүү тургундардын арыз-даттанууларын жана кайрылууларын угуп, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүшөт.

Жарандарды кабыл алуу төмөндө көрсөтүлгөн даректерде жана графикке ылайык өткөрүлөт.