Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Нарын шаарында Ленин көчөсүндөгү курулуш иштерин тездетүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыр Ленин көчөсү толугу менен асфальтталган. Учурда жол жээгине суу өткөрүүчү лотокторду, тротуарларды орнотуу жана көчөнү жарыктандыруу боюнча курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Жол чарба департаменти тарабынан курулуш иштерин тездетүү, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана белгиленген иштерди өз убагында бүткөрүү боюнча тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилди.
Министрлик курулуш иштеринин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аткарылышы көзөмөлдө болорун белгилейт.