Нарында үй-бүлөлүк велотур өтөт

Спорт 06 Апрель 2026 19:15
2bd0b1d8-ebb2-4f33-98d6-5057a12e3d8b.png
ba5efd86-aaf6-4a5b-8eb0-231d2bb5511d.png
cadd8779-3c15-479e-ad46-88e9a6fbfeb7.png
452be30d-59f6-4318-9611-5f7085542058.png
0273e8a2-8c34-4578-a720-1c09e40587ba.png
Алдыга
Артка
2bd0b1d8-ebb2-4f33-98d6-5057a12e3d8b.png
ba5efd86-aaf6-4a5b-8eb0-231d2bb5511d.png
cadd8779-3c15-479e-ad46-88e9a6fbfeb7.png
452be30d-59f6-4318-9611-5f7085542058.png
0273e8a2-8c34-4578-a720-1c09e40587ba.png
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Нарын шаарында 4-7-май күндөрү “Эки Нарын 2026” аталган үй-бүлөлүк велотур уюштурат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, Нарын шаарында жана ага чектеш туристтик маршруттар менен белгиленген иш-чаранын негизги максаты — активдүү эс алууну жайылтуу, ички туризмди өнүктүрүү жана спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүү аркылуу аймактын туристтик жагымдуулугун арттыруу.

“Велотурдун программасы төрт күнгө ылайыкталган жана 20 км аралыктагы велосипеддик жүрүштү, жөө сейилдөөлөрдү, этномаданий фестивалдарга катышууну, ошондой эле жергиликтүү театрга барууну камтыйт”,- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, программада бардык уюштуруучулук маселелер каралган. Алсак, Бишкектен трансфердин варианттары, ар кандай жаш курактагы катышуучулар үчүн катышуу акысы, ошондой эле өнөктөш мейманканаларда жайгашуу боюнча сунуштар берилет.

Катышуучулардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп, бардык маршруттар боюнча адистештирилген кызматтар коштоп жүрүшөөрү кошумчаланган.