Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. Нарын облусунда 2 өспүрүмгө маркум энесинен калган мурасты алууга укуктук жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнө К.Г. аттуу жаран кайрылып, 14 жана 15 жаштагы неберелеринин мураска болгон укугун коргоп берүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, балдардын ата-энеси ажырашып кеткенден кийин аларды чоң энеси тарбиялап келген. 2017-жылы балдардын атасы, ал эми 2024-жылы энеси каза болгон. Нарын шаардык сотунун чечими менен чоң энеси балдардын мыйзамдуу өкүлү болуп дайындалган.
Кийинчерээк маркум келининин наамында айыл чарба багытындагы жер тилкеси катталганы белгилүү болгон. Бирок өспүрүмдөрдүн таяке-тайлары жер тилкесин талашып, тиешелүү документтерди бербей, мурасты каттоодо ар кандай тоскоолдуктарды жаратышкан.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери арыз ээсине укуктук кеңеш берип, сотко кайрылуу тартибин түшүндүрүшкөн. Ошондой эле төмөнкү иш-чаралар ишке ашырылган. Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы аркылуу аялга мамлекеттик акысыз адвокат бөлүндү. Жер ресурстары, кадастр жана геодезия боюнча мамлекеттик агенттигине сурам жөнөтүлүп, өспүрүмдөрдүн энесинин наамында 58 сотых жер бар экендиги тастыкталды. Акыйкатчынын облустук өкүлчүлүгү сотко зарыл болгон бардык документтерди чогултууга көмөктөштү.
Натыйжада соттук териштирүүлөрдүн алкагында жашы жете элек балдар мураска болгон укук тууралуу күбөлүк алышып, жер үлүшү толугу менен алардын наамына катталды.