Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Нарын шаарында 31-август — Эгемендүүлүк күнү салтанаттуу түрдө белгиленди.
Мэриянын маалыматына ылайык, майрамдык салтанатта шаардыктарды президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Чекирбаев, Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев жана шаардык кеңештин төрагасы Жылдызбек Эсеналиев куттуктады.
Ошондой эле майрамдык иш-чарада мамлекеттин түптөлүү тарыхы сахналаштырылып, маданий баалуулуктар көрсөтүлдү, чоң программадагы концерт жана шаардык мекеме-ишканалар тарабынан парад уюштурулду.