Бишкек 05.06.25 /Кабар/. Бүгүн саат 16:18де Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Атап айтканда, жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында 4 балл, Кызыл-Туу, Казыбек айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.