Нарын жана Ат-Башыда жайлоодогу мал 4-октябрга чейин түшүрүлбөйт

Аймак 27 августа 2026 11:15
731916685_3892506974225806_197441460965668173_n.jpg
WhatsApp Image 2026-08-27 at 11.04.29.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-27 at 11.04.33.jpeg
Алдыга
Артка
731916685_3892506974225806_197441460965668173_n.jpg
WhatsApp Image 2026-08-27 at 11.04.29.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-27 at 11.04.33.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 27.08.26 /Кабар/. Нарын жана Ат-Башы райондорунда жайлоодогу мал октябрь айына чейин түшүрүлбөйт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу Босого аймагындагы Кулаган-Акташ участкасында 20-августтан 4-октябрга чейин көзөмөл посту уюштурулду. Көзөмөлдүн негизги максаты — малдын айдоо аянттарына кирип, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүсүнө жол бербөө жана дыйкандардын эмгегин коргоо.

Постто жооптуу кызматкерлер бекитилген графиктин негизинде кезекчилик кылып, аймактагы абалга көз салып турушат. Ошондой эле малчыларга жайлоодон түшүү мөөнөтүн сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүшөт.