Нарын шаарынын бир катар көчөлөрүнө тротуар салынды

Аймак 12 октябрь 2026 14:40
WhatsApp Image 2026-10-12 at 10.03.57.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-12 at 10.03.47 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-12 at 10.03.52.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-12 at 10.03.57.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-12 at 10.03.47 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-12 at 10.03.52.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Нарын шаарында 2 чакырымдай жаңы тротуар салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, республикалык дем берүүчү гранттын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардагы Акмөөр көчөсүнүн эки тарабына, Чаначев көчөсүнүн бир тарабына тротуар жана арыктар салынды.

Андан сырткары, Орозбаков көчөсүнүн Андабеков жана Акмөөр көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгүнө да тротуар менен арык салынууда.