Нарында жаңы окуу жылына карата коомдук транспорттун саны көбөйдү

Аймак 16 сентябрь 2026 10:40
Нарында жаңы окуу жылына карата коомдук транспорттун саны көбөйдү
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Нарын шаарында жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу коомдук транспорттун саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда шаар боюнча 13 автобус каттамга чыгарылды. Ошондой эле каттамдардын үзгүлтүксүз жүрүшү көзөмөлгө алынып, алардын жүрүү аралыгы көзөмөлдөнүүдө.