Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Нарын облусунда учурда Улуу Ата Мекендик согуштун 1 катышуучусу жана оруктун 12 ардагери бар. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн 80 жылдыкка даярдык маселелерине арналган жыйында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, быйыл Нарын облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата “Өлбөс полк” жөө жүрүшү, аскердик жана техникалардын параддары өтөт. “Өлбөс полк” жөө жүрүшү “Тянь-Шань” паркындагы өчпөс оттон баштап шаардын борбордук аянтына чейин болот. Ал эми аскердик техникалардын парадында аскер күчтөрүнүн жетишкендиктери жана согуш мезгилиндеги баатырдыкты чагылдырган театрлаштырылган көркөм программа көрсөтүлөт.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн 1-орун басары Адыл Сапаров Улуу Ата Мекендик согуштун 80-жылдыгына арналган иш-чарада баатырларды эстеп, урматтоо биздин милдетибиз экенин баса белгиледи.
“Биздин милдетибиз - эркиндигибиз үчүн согушкан баатырларды эстеп, урматтоо. Биз бул маанилүү иш-чарага татыктуу даярдык көрүп, тарыхты сактоо жана келечек муунга тынчтыктын маанилүүлүгүн жеткирүүбүз керек”, - деди Сапаров.
Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына арналган бардык район борборлорундагы иш-чаралар коопсуздук чараларына ылайык өткөрүлөөрү кошумчаланды.