Душманды жалгыз жок кылган. Генерал-майор Дайыр Асановдун согуштагы эрдиги

Коом Загрузка... 28 Апрель 2025 11:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
Жазгүл Мадинова

Жазгүл Мадинова

Бардык материалдар

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай “Кабар” агенттиги бул жолу Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун эрдиги тууралуу айтып берет.

Дайыр Асанов Улуу Ата Мекендик согушка ошол эле 1942-жылы Сталинград фронтунда аткычтар артиллериялык полкунун 31-танктарга каршы жеңил артиллериялык бригадасында замбирек мээлөөчүсү катары баштаган. Андан соң Дон, Түштүк-Чыгыш, Степной, 2-Украина фронтторунда душман менен салгылашкан. Жаш жоокер каардуу согушта дароо эле эр-жүрөк, тайманбас мүнөзүн көрсөткөн.

Жыйырмага жаңы толгон Асанов бүт дүйнөнү каптаган алааматка жаңы эле кадам таштаган кезинде замбиреги менен душмандын танкасын өрттөп, курал-жарак жүктөлгөн унаасын жок кылган. Бул үчүн "Согуштагы эрдиги үчүн" медалы менен сыйланган.