Нарын мамлекеттик университетинин ректору алмашты. Жаңы ректор ким болду? — Кабар

Нарын мамлекеттик университетинин ректору алмашты. Жаңы ректор ким болду?

Кадрлар жана дайындоолор 22 апрель 2025 17:05
491915746_1108114488028961_2904447404771205477_n.jpg
6bb4c7fe-6bfa-4302-9650-aa6db1153b9c.jpg
Алдыга
Артка
491915746_1108114488028961_2904447404771205477_n.jpg
6bb4c7fe-6bfa-4302-9650-aa6db1153b9c.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Билим берүү жана илим министрлиги

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Тилек Исабеков Нарын мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-апрелде билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жаңы дайындалган ректорун жалпы жамаат менен тааныштырды.

Тилек Исабеков 2015-жылдан бери Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин Гидротехникалык курулуш жана суу чарба кафедрасынын профессору болуп эмгектенип келген.