Нарын эли Балыкчы – Кочкор темир жолу үчүн ыраазычылыгын билдиришти

Президент Жүктөлүүдө... 26 Июль 2026 14:30

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.07.26 /Кабар/. Нарын эли Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземинде президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиришти.

Алар ыраазычылыкты жаңы ачылган темир жол каттамы үчүн билдирип, каалоо-тилектерин айтып, баталарын беришти.

“Бүгүн темир жолду Кочкорго чейин жеткирдиңиз. Эми аманчылык болсо, кыргыз элинде ынтымак болсо Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жолу аягына чыгат деген ишенич бар. Нарын элинин атынан сизге темирдей бекем ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай каалай каалайбыз”,-деди жергиликтүү тургундардын бири.