Нарын: Чолок-Кайың айылында сафлор майын өндүрүүчү чакан ишкана ачылат

Загрузка... 13 Октябрь 2025 17:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ала-Буга айыл өкмөтүндөгү Чолок-Кайың айылында жакында сафлор майын өндүрүүчү чакан ишкана ачылат. Бул тууралуу аталган ишкананын жетекчиси Адил Курманалиев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 100 кг сафлорду иштетүүдөн 30 литр май чыгарылып, ишкана суткасына 200 литр май өндүрүү кубаттуулугуна ээ.

"Негизинен май чыгаруу үчүн сафлорду жергиликтүү элден кабыл алабыз. Толук кандуу ишке кире элек болгондуктан, башка айылдардан сафлор ала элекпиз. Ишке киргенден кийин жарнама берсек, башка айылдардан да дыйкандар сафлор алып келе башташат. Азыр толук даярдыктан өтүп, эки күндөн кийин ишке киргизүүнү пландап турабыз. Ишкананы ачууда каражат жергиликтүү бюджеттен, айыл өкмөт тарабынан каржыланды. Май чыгара турган жабдуулар гана жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган. Ишкана айыл өкмөттүн карамагындагы кампада ачылып, айыл өкмөттүн балансында турат. Ишке киргенден кийин келишим менен бизге өткөрүлүп берилмекчи”,- деди ишкана жетекчиси.

Белгилей кетсек, чакан ишкана айылда 3 жумуш ордун түзүп, дээрлик айыл элин сафлор майы менен камсыздамакчы. Бирок, учурда сафлорду эл азыраак айдап жаткандыгы маалымдалды.

“Дыйкандар арасында сафлор айдоону жайылтсак, кийинчерээк көбүрөөк айдап башташат. Сафлор көп эмгекти талап кылбайт. Айдоонун алдында бир эле жолу сугарылат. Сууну көп талап кылбагандыктан, кайрак жерге айдалып, киреше түшүмдүүлүккө жараша болот. Негизи сафлор майын күн карама майына караганда эл көбүрөөк баалап, сатып алышат”,- деди Курманалиев.

Айылда алгачкы сафлор чыгаруучу ишкана болгондуктан өндүрүлгөн майды жергиликтүү эл айыл өкмөттөн тышкары чыгарбай эле сатып алышаары анык. Анткени, көлөм азыраак болгондуктан, рынокко көп чыга элек. Келечекте өздүк идишин, эмблемасын даярдап, сатыкка чыгаруу пландалып жатканы кошумчаланды.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Нарында дыйкандар биринчи ирет сафлор өсүмдүгүн эгип, 131 тонна алгачкы түшүм алышкан. Мында май өндүрүү үчүн завод салуу маселеси да көтөрүлүп, бул өсүмдүк облустун бардык райондоруна эгилип жаткандыгы айтылган. Болжол менен сафлордун 1 гектарынан 1,5 тонна түшүм алынса, 1 тонна түшүмдөн 300 кг май чыгарууга болот.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги учурда да дыйкандарга сафлор өсүмдүгүн себүүнү сунуштап келишет. Бул сунуш өсүмдүктүн жогорку экономикалык эффективдүүлүгүнө, кургакчылыкка туруктуулугуна, түшүмдүүлүгү төмөн топурактарда, жайыттарда өсүү жөндөмүнө негизделген.

Сафлор майы ашкана, дары-дармек жана косметология тармактарында кеңири колдонулат. Анткени, анын курамында каныкпаган май кислоталары жана биологиялык пайдалуу заттар бар. Майды сыгуудан кийин калган калдык малга белокко бай тоют катары колдонулат.