Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди дүйнө коомчулугун БУУнун ролун бекемдөөгө, туруктуу диалогду өнүктүрүүгө жана глобалдык көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте өткөн “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууда билдирди.
Сөзүнүн башында Моди Кыргызстанга меймандостугу жана ШКУ саммитин жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал быйыл Шанхай кызматташтык уюму 25 жылдыгын белгилеп жатканын айтып, аны аймактык кызматташтык жана өнүгүү үчүн маанилүү аянтча катары баалады.
Индиянын премьер-министринин айтымында, Бириккен Улуттар Уюму дипломатия жана тынчтык диалогу аркылуу глобалдык маселелерди чечүү үчүн негизги эл аралык аянтча бойдон калууда.
“Дал ушул БУУ өлкөлөр дипломатиялык деңгээлде, тынчтык диалогу аркылуу бардык маселелерди чече ала турган негизги аянтча”, — деди Моди.
Ал климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдө эл аралык кызматташтыктын өзгөчө маанисин белгиледи. Анын айтымында, климаттык көйгөйлөрдү чечүү мамлекеттердин биргелешкен аракетин жана эл аралык механизмдерди натыйжалуу пайдаланууну талап кылат.
Терроризмге каршы күрөш тууралуу сөз кылып жатып, Моди террордук көрүнүштөргө гана эмес, терроризмдин түпкү себептерине да каршы туруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле бул багытта заманбап технологияларды колдонуунун маанилүүлүгүнө токтолду.
Индиянын премьер-министри эл аралык коомчулук климаттын өзгөрүшү, соода-тарифтик жана экономикалык көйгөйлөр сыяктуу жаңы шарттарга жана чакырыктарга туш болуп жатканын белгиледи.
“Индия муну туруктуу өнүгүү жана туруктуу диалог аркылуу биргеликте ишке ашырууга болот деп эсептейт”, — деп баса белгиледи ал.
Модинин айтымында, өзгөрүп жаткан дүйнө бардык мамлекеттерден жалпы жоопкерчиликти жана биргелешкен салымды талап кылат.
“Өзгөрүп жаткан дүйнө жалпы жоопкерчилик жана мамлекеттердин биргелешкен салымы аркылуу гана түзүлө алат”, — деди премьер-министр.
Сөзүнүн соңунда Моди Индия эл аралык аянтчалардын ишине жигердүү катышууга, БУУнун ишмердигин колдоого жана тең мүмкүнчүлүктөргө, туруктуу өнүгүүгө жана конструктивдүү диалогго негизделген дүйнөнү калыптандырууга багытталган жаңы демилгелерди сунуштоого даяр экенин билдирди.