Найробидеги нааразылык акцияларында 8 киши мерт болуп, 400дөн ашууну жаракат алды

Дүйнө Загрузка... 26 Июнь 2025 09:33
WhatsApp Image 2025-06-26 at 09.09.47.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 26.06.25 /Кабар/. Кениянын борбору Найробиде өткөн нааразылык акцияларында 8 киши мерт болуп, 400дөн ашууну жаракат алды. Анын ичинен 83 киши оор абалда ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу France-Presse (AFP) агенттиги куткаруу кызматтарына шилтеме берүү менен кабарлаганын Коммерсант жазды.

Маалыматта белгиленгендей, былтыр июнь айында болгон антиөкмөттүк нааразылык акцияларынын жылдыгына карата эскерүү акциялары өтмөк. Алгач бул иш-чаралар тынч өтөт деп күтүлгөн, бирок абал бат эле көзөмөлдөн чыгып, башаламандыкка айланып кеткен.

Анда демонстранттар менен полициянын ортосунда катуу кагылышуулар орун алганы айтылат. Тартип сакчылары көздөн жаш агызуучу газ колдонууга аргасыз болуп, мамлекеттик мекемелерди тикенек зым менен тосуп салышкан. Айрым маалыматтарда полиция ок атуучу курал колдонгону да айтылууда.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 25-июнда салыктын жогорулашына каршы ири демонстрациялар уюштурулуп, 60тан ашуун адам каза болгон.