Жол жээгине мыйзамсыз көрнөк жарнак орноткондорго 4 күндө 671 миң сом айып салынды

Коом 1203 20 Март 2025 16:50
WhatsApp Image 2025-03-20 at 13.45.18.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-20 at 13.45.18 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-20 at 13.45.18 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-20 at 13.45.20 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-20 at 13.45.20.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-20 at 13.45.19 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-20 at 13.45.19 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon ЖКККББнын басма сөз кызматы

Бишкек,20.03.25. /Кабар/. Жол жээгине мыйзамсыз көрнөк жарнак орноткондорго 4 күндө 671 миң сом айып салынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Жол көзөмөлдөө бөлүмү жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан жарнама такталарын, паннолорду, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, афишаларды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү жана башка өз билемдик менен орнотуп алган фактыларын аныктоо максатында, “Жарнама тактасы” аталышында рейддик иш-чараларды өткөрүп, эки күн ичинде 4 күн ичинде 223 мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактарды аныкташып, жалпы суммасы 671 000 сомго айып салышты.

"Мындай көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү максатында өткөрүлгөн рейддик иш-чаралар мындан арыда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан улантылат",-деп айтылат маалыматта.