Бишкек, 03.06.25 /Кабар/. Күн мурун Мьянманын Мандалай шаарында жүргүнчү ташыган автобус оодарылып, алты адам каза таап, 11 адам жарадар болду. Бул тууралуу Синьхуа маалымат агенттиги жергиликтүү өрт өчүрүү кызматынын өкүлүнүн маалыматына таянуу менен жазды.
Маалыматка караганда , дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 3:30 чамасында Мандалайдагы Мейктила провинциясында жүргүнчү ташыган автобус жамгырдан улам жолдон тайгаланып, оодарылып кеткен.
“Жабыркагандардын баары аймактык ооруканага жеткирилген”, - деп айтылат маалыматта.