Мьянмада зилзаладан 5 күн өткөн соң урандынын астынан бир адам куткарылды

Дүйнө Жүктөлүүдө... 03 Апрель 2025 10:10
WhatsApp Image 2025-04-03 at 07.06.22.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-03 at 07.06.22 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-04-03 at 07.06.22.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-03 at 07.06.22 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Мьянмада зилзаладан 5 күн өткөн соң урандынын астынан бир адам куткарылды. Бул тууралуу MRTV жергиликтүү мамлекеттик телеканалы кабарлаганын Еuronews билдирди.

Маалыматка караганда, Мьянманын борбору Нейпьидодогу мейманкананын урандысынын астынан куткарылган 47 жаштагы эркек киши ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Аны Сагайнг шаарынын Өрт өчүрүү кызматынын куткаруучулары таап чыгышкан.

Эске салсак, 28-мартта Мьянмада 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Зилзаланын очогу өлкөдөгү 1,5 млн адам жашаган Мандалай шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Бир катар райондорду кыйраткан жер титирөө Нейпьидо шаарынын 2 700 жашоочусунун өмүрүн алды. 31-марттан 6-апрелге чейин Мьянмада улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Афтершоктор Таиланд, Кытай жана Вьетнамда да сезилди.