Бишкек, 03.03.25. /Кабар/.Мьянмада автобус кырсыкка учурап, 7 адам көз жумду.
Синьхуа агенттиги билдиргендей, 30 жүргүнчүсү менен бара жаткан автобус Мьянманын чыгышындагы Шан штатындагы капчыгайга кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 25 адам жаракат алган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Каза тапкан 7 адамдын бешөө эркек, экөө аял киши экендиги айтылды.
Полициянын алдын ала маалыматтары боюнча, автобустун айдоочусу унааны башкара албай калгандыктан, жолдон чыгып кеткен.