Дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы көтөрүлдү

Дүйнө 14 август 2026 14:00
Дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы көтөрүлдү

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы көтөрүлдү. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ жазып чыкты.

Лондондун ICE (InterContinental Exchange Futures) биржасында Brent маркасындагы мунайдын наркы 0,63 долларга жогорулап, бир баррели 87,70 долларды түздү.

Ал эми Нью-Йорктун NYMEX (New York Mercantile Exchange) биржасында Light маркасындагы мунайдын баррели 0,68 долларга кымбаттап, 81,93 долларга жетти.