"Үмүт үйүндө" Аялдардын эл аралык күнү белгиленди

Коом Загрузка... 07 Март 2025 17:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек,07.03.25./Кабар/. Бишкектеги «Үмүт үйү» социалдык стационардык мекемеси 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Апалар ажары» аттуу сынак өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара борбордун кызматкерлери жана мекеменин тургундары тарабынан уюштурулуп, ага мэриянын Социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү жана башка коноктор катышты.

Чоң апалар сынакка өзгөчө дем-күч менен катышып, берилген тапшырмаларды ийгиликтүү аткарышты. Бардык катышуучулар сыйлыктар менен сыйланышты.

Бүгүнкү күндө «Үмүт үйү» улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесинде 220 адам жашайт. Аларга акысыз социалдык, медициналык жана тиричилик кызматтары көрсөтүлүп, кийим-кече, бут кийим жана зарыл керектөөлөр менен толук камсыз болушат.