Москвада турак жайда жарылуу болуп, бир адам каза тапты — Кабар

Москвада турак жайда жарылуу болуп, бир адам каза тапты

Дүйнө 3 февраль 2025 17:01
Москвада турак жайда жарылуу болуп, бир адам каза тапты

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Бүгүн Москва шаарында “Алые паруса” турак жайында жарылуу болду.

ТАСС маалымдагандай, жарылууда бир адам каза таап, дагы төрт киши жаракат алды.

Жардырууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Окуя болгон жерде Россиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрү жана криминалисттери иштеп жатат. Видеокамералар текшерилип, күбөлөр суралып, керектүү экспертизалар дайындалууда.