Москвада Казакстан менен Россиянын президенттеринин жолугушуусу өттү

Дүйнө Загрузка... 12 Ноябрь 2025 11:06
11.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Күн мурун Кремлде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Россиянын президенти Владимир Путиндин бейрасмий жолугушуусу өттү, деп билдирет Казинформ агенттиги.

Маалыматта белгиленгендей, Касым-Жомарт Токаев Москвага Россия лидеринин чакыруусу менен барган.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

"Бүгүн бизде өзгөчө кызыгууну жараткан бардык маселелер боюнча бейформал шартта сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болот, ал эми эртең – кесиптештер менен бирге күн тартибиндеги бардык маселелер, анын ичинде келечекке карай пландарга көз чаптырабыз. Жалпысынан алганда биз бул жылды абдан жакшы аяктап, жакынкы келечекке, ошондой эле орто мөөнөттүү алыскы келечекке пландарды түзөбүз", - деген Владимир Путин.