Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Москвада 7-октябрда Афганистан боюнча эл аралык консультациялар өтөт. Бул тууралуу Интерфакс Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова маалымдаганын жазды.
Анда белгиленгендей, консультациялар Афганистан, Индия, Иран, Кыргызстан, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын жогорку кызмат адамдарынын, атайын өкүлдөрүнүн деңгээлинде уюштурулат. Конок катары Беларусь делегациясы чакырылган.
Жыйын жабык эшик артында өтөрү айтылууда.
Анда эң башкы артыкчылык региондогу мамлекеттер менен Кабулдун ортосундагы саясий, экономикалык, терроризмге жана баңгизаттарга каршы иштиктүү кызматташтыкты кеңейтүүгө берилет. Жыйынтыгында биргелешкен билдирүү да пландалууда.