Монтанадагы аэропортто эки учак кагышып, эки адам жабыркады

Дүйнө Загрузка... 12 Август 2025 10:00
WhatsApp Image 2025-08-12 at 08.55.20.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.08.25. /Кабар/. АКШнын Монтана штатындагы Калиспелл аэропортундагы учуу тилкесинде эки учактын кагылышып, эки адам жеңил жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү KPAX TV телеканалы булактарына таянып билдиргенин, Известия жазды.

Маалыматка караганда, окуя дүйшөмбү күнү түштөн кийин Калиспелл аэропортунда болгон.

Аэропорттун өрткө каршы кызматынын башчысы Жей Хейгендин айтымында, чакан учакта учуу тилкесинде көйгөйлөр жаралган, ошол себептен башка учакты барып сүзгөн.

Учактын ичинде төрт адам болгондугу, алар өздөрүн эвакуациялоого жетишкен. Ал эми экинчи учактын ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес.

Бул окуяны иликтөө иштери АКШнын Федералдык авиация башкармалыгынын (FAA) көзөмөлүнө алынары айтылды.