Монополияга каршы органга тейлөө тармагындагы бааларды жөнгө салуу тапшырылды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 03 Апрель 2025 12:12
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Парламенттин бүгүнкү жыйынында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Бишкектеги тейлөө тармагындагы бааларды жөнгө салуу тапшырмасы берилди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун айтымында, учурда Бишкекте тейлөө кызматтары бааларын эки-үч эсе кымбаттатып калктын капчыгын кагып алып жатышат.

"Кыргызстанда анын ичинде борбордо тейлөө кызматтарынын баалары өтө кымбаттап кеткен. Бул жерде рентабелдүүлүктү караш керек. Кафе-ресторандардын, чач тарачтардын, такси жана башка кызматтардын бардыгы эби жок кымбаттап кеткен. Силер ушуга сөзсүз түрдө мониторинг кылышыңар керек. Биздеги баалар Стамбул, Москва жана башка ири шаарлардын тейлөө кызматтарынын бааларынан ашып кеткен учурлары болууда. Калктын капчыгын жөнү жок кагып алып жатышат. Бир чек болуш керек. Албетте, жеке ишкерликке, бизнеске тоскоолдук жок бирок, асмандаган баасын кичине реалдуулукка алып келиш керек. Монополияга каршы кызмат бул маселени көзөмөлдөп, карагыла", - деди төрага.

Өз учурунда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев маселени карай тургандыгын, бул боюнча тапшырма бергенин жана жооп берерин билдирди.