Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте өткөн “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууда Шанхай кызматташтык уюму диалогдон биргелешкен демилгелерди жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга активдүү өтүшү керектигин билдирди.
Анын айтымында, 25 жыл ичинде ШКУ өз ишмердигинин масштабын кеңейтип, таасирдүү эл аралык уюмга айланды. Эл аралык мамилелердеги туруксуздук шарттарында БУУнун уставына жана эл аралык укукка негизделген адилеттүү жана инклюзивдүү тартипти бекемдөө зарыл.
Хурэлсух санариптик трансформация жана жасалма интеллект жаңы мүмкүнчүлүктөр менен катар киберчабуулдар жана жалган маалыматтар сыяктуу тобокелдиктерди жаратып жатканын белгилеп, Монголия кибертуруктуулукту бекемдөөгө жана транс улуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кызматташууга даяр экенин айтты.
Экономикалык багытта Монголиянын президенти ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүү демилгесин колдой турганын билдирип, Монголия–Россия–Кытай экономикалык коридорун, ошондой эле “Транзиттик Монголия” программасын өнүктүрүүгө басым жасады. Ошондой эле ал климаттын өзгөрүшү жана чөлдөшүүгө каршы глобалдык күрөш маселелерине токтолду.
Сөзүнүн соңунда Хурэлсух Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду ШКУга ийгиликтүү төрагалык кылышы менен куттуктап, келерки жылы төрагалыкты кабыл алган Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифке ийгилик каалады.