Монголиянын президенти иш сапары менен Кыргызстанга келди — Кабар

Монголиянын президенти иш сапары менен Кыргызстанга келди

Саясат 30 август 2026 18:26
IMG_6655.jpeg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух иш сапары менен Кыргызстанга келди. Аны министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Аэропортто ШКУга мүчө мамлекеттердин жана байкоочу мамлекеттердин желектери илинген.

Монголиянын президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусу уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик жылына туш келип отурат.