Монголиянын өкмөт башчысы отставкага кетти

Дүйнө Загрузка... 03 Июнь 2025 17:35
WhatsApp Image 2025-06-03 at 17.12.37.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 03.06.25 /Кабар/. Монголиянын өкмөт башчысы Оюн-Эрдэнэ Лувсаннамсрайн парламентте ишеним көрсөтүү добуш берүүсүндө жетиштүү колдоо таба албагандыгына байланыштуу кызматтан кетти. Бул тууралуу The Guardian кабарлаганын INTERFAX.RU агенттиги жазды.

Маалыматта премьер-министрге болгону 44 депутат добуш бергени, ал эми ишенимди сактап калуу үчүн кеминде 64 добуш талап кылынганы айтылат.

Бул добуш берүү премьер-министрдин уулунун ашкере чыгымдары тууралуу маалыматтар жарыялангандан кийин башталган бир нече апталык нааразылык акцияларынан кийин болду.