Бишкек 18.7.25 /Кабар/. Монголияда улуттук Наадам майрамын майрамдоо учурунда кеминде 25 адам каза болду. Алардын арасында алты бала бар экенин Синьхуа агенттиги билдиргенин, Известия басылмасы жазды.
Синьхуанын маалыматына ылайык, майрамдоо учурунда адамдардын каза болушунун негизги себептери - мас абалында сууга түшүү жана балдарды көзөмөлсүз калтыруу болгон.
Наадам – аталган өлкөдө масштабдуу белгиленген майрамдардын бири. Ал жыл сайын июль айында өткөрүлүп, маданий иш-чара, салтанаттар менен коштолуп, улуттук спорт сыяктуу оюндары ойнолот.
Фестиваль 1921-жылдан бери өткөрүлөт жана ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.