Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Moderna компаниясы иштеп чыккан жекелештирилген мРНК-вакцина тери рагынын агрессивдүү түрү болгон меланоманын кайра пайда болуу жана жайылуу коркунучун азайтууда оң натыйжа көрсөттү. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Клиникалык сыноонун акыркы этабындагы оң жыйынтык COVID-19 пандемиясынан кийин продукцияларынын түрүн кеңейтүүгө аракет кылып жаткан Moderna компаниясы үчүн маанилүү жетишкендик болуп саналат. Компаниянын бизнесинин өсүшүнө коронавируска каршы иштелип чыккан мРНК-вакцинасы чоң түрткү берген.
Жекелештирилген вакцина ар бир бейтап үчүн өзүнчө даярдалат. Ал иммундук системага шишик клеткаларын аларга мүнөздүү мутациялар аркылуу таанып, аларга каршы күрөшүүгө жардам берет.
Изилдөөнүн жүрүшүндө вакцина Merck компаниясынын Keytruda препараты менен бирге колдонулган. Меланоманы хирургиялык жол менен алып салгандан кийин оорунун кайра кайталануу коркунучу жогору болгон бейтаптарда бул айкалыш Keytruda препаратын жалгыз колдонууга караганда жакшы натыйжа көрсөткөн.
Адистердин айтымында, бул иштелмедеги ийгилик рак оорусунун башка түрлөрүн дарылоого багытталган ушундай препараттарды иштеп чыгууга жол ачышы мүмкүн. Учурда Moderna, Merck жана башка компаниялар бул ыкманы өпкө, эмчек жана уйку безинин шишиктерин дарылоодо да изилдеп жатышат.