Мобилдик интернетти өчүрүү психикалык ден соолукту жакшыртат. Изилдөөнүн жыйынтыгы

Коом Загрузка... 25 Февраль 2025 14:16
WhatsApp Image 2025-02-25 at 12.11.44.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Альберта университетинин илимий кызматкери Ноа Кастело Канада жана АКШдагы кесиптештери менен биргеликте изилдөө жүргүзгөн. Nplus басылмасы кабарлагандай, анда мобилдик интернетти убактылуу өчүрүү адамдын психикалык ден соолугуна кандай таасир тийгизерине байкоо жүргүзүлгөн.

PNAS Nexus журналына жарыяланган изидөөнүн жыйынтыгында айтылгандай, изилдөөгө 467 адам катышууга макул болгон. Иштин талабына ылайык, катышуучулардын жарымы эки аптага телефонуна интернетти бөгөттөгөн тиркеме орнотушкан. Кийинки эки жумада калган катышуучулар да ушундай талапты аткарышкан.

Мобилдик интернет өчүрүлгөндө катышуучулардын жашоосунда, психикалык саламаттыгында оң көрсөткүчтөр байкалган, ошондой эле адамдардын көңүл буруу жөндөмдүүлүгү жакшыргандыгын адистер аныкташты.

Изилдөөнүн 467 катышуучусунун 266сы тиркемени орнотууга макул болсо, 119 киши 10 күн гана мобилдик интернетти өчүргөнгө чыдаган.