Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. “Умай эне жарыгы” коомдук фондунун төрайымы Азим Жакшылыкова маданият тармагына кошкон салымы үчүн “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу ал маданият кызматкерлерине сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасында “Кабар” агенттигине билдирди.
Жакшылыкова аталган фондду 1996-жылы ачып, иштете баштаган. Ошондон бери анда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана пенсия курагындагы адамдарга кол өнөрчүлүктүн түрлөрү үйрөтүлүп келет. Алар оймо-чийме түшүрүү, шырдак жасоо, панно даярдоо жана башка иштер менен алектенишет.
“Биздин максат — адамдарга кол өнөрчүлүктү үйрөтүп эле тим болбостон, алардын өз эмгеги менен киреше табуусуна шарт түзүү. Көчмөндөр оюндары сыяктуу иш-чараларда алардын жасаган буюмдарын сатууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт экен. Мунун натыйжасында өздөрү каражат таап жатышат”, — деди ал.
Ошондой эле фонддо жаа атуу боюнча машыгуулар уюштурулуп, ден соолукту чыңдоо жана туура тамактануу боюнча сабактар өтүлөт.
“Маданияты жок мамлекет болбойт. Мамлекет маданият менен өнүгүп, өсөт. Ошондуктан улуттук маданиятыбызды сактап, аны башкаларга да көрсөтүшүбүз керек”, — деп кошумчалады ал.