Бишкек, 08.07.26 /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2026-жылдын 27-июнунда болгон катуу шамалдын кесепетинен турак жайы жабыркаган Баткен шаарынын тургундарын камсыздандыруу окуясын ыкчам каттоого чакырат.
Маалыматка ылайык, турак жайын МКУда расмий камсыздандырган жана табигый кырсыктан зыян тарткан жарандар төлөм алуу жол-жобосун баштоо үчүн мүмкүн болушунча тез арада адиске кайрылышы керек.
Баткен шаары боюнча камсыздандыруу маселелери боюнча Өзгөчө кырдаалдар боюнча улук комиссар Акылбек Гламидинович Абдрахманов.
Байланыш номери: +996 555 427 979 .