Миссисипиде жүк ташуучу унаадан кооптуу маймылдар качып кетти

Дүйнө Загрузка... 29 Октябрь 2025 16:00
WhatsApp Image 2025-10-29 at 11.41.53.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.10.25 /Кабар/. АКШнын Миссисипи штатында лабораториялык маймылдарды ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кырсыктап, кооптуу жаныбарлардын бир нечеси качып кетти. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдиргенин РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, кырсык күн мурун I-59 трассасынын 117-чакырымында болгон. Унаада Тулейн университетине таандык макак-резус маймылдары ташылып бараткан. Алардын ар бири болжол менен 18 килограмм салмакта болуп, адамдарга агрессивдүү мамиле кылышы мүмкүн.

Полициянын айтымында, бул маймылдар гепатит С, герпес (учук) жана COVID-19 сыяктуу оорулардын алып жүрүүчүлөрү болгондуктан, алар менен байланышуу өзгөчө коргоо каражаттарын талап кылат.

Маалым болгондой, качып кеткен маймылдардын баарынын ичинен бирөөсү гана азырынча табыла элек. Калгандары жок кылынган. Жергиликтүү бийлик жаныбарларды жок кылуу боюнча адистешкен компания менен биргеликте издөө иштерин улантууда.