Минскте кыргызстандык жоокерлердин элесине арналган кече өттү

Коом Загрузка... 17 Апрель 2025 14:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.04.25 /Кабар/. Минск шаарында Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Беларусту бошотууда өзгөчө эрдиги менен айырмаланган кыргызстандык жоокерлерге арналган салтанаттуу кече болуп өттү. 

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага коомдук, маданият жана илимий ишмерлер, “Достук үйүнүн”, “Кыргызстан-Беларусь” достук коомунун өкүлдөрү, Минск шаарындагы ЖОЖдордун жана колледждердин студенттери катышты.

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев кыргызстандык жоокерлер боордош элдер менен катар жалпы жеңишке жетишкенин, бардык ири салгылашууларга, анын ичинде Беларусиянын аймагы толугу менен бошотулган “Багратион” чабуул операциясына катышканын белгилеп, Кыргызстан жана Беларус элдеринин ортосундагы достукту, анын ичинде тарыхый эстеликти сактоо аркылуу бекемдөөнүн маанилүүлүгүн- токтолду.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар кыргыз акындарынын чыгармаларын беларус тилиндеги котормолорун окуп, музыкалык чыгармалар тартууланды. Ошондой эле Беларус үчүн салгылашууда өзгөчө айырмаланган кыргызстандык жоокерлер тууралуу даректүү тасмалар көрсөтүлдү.