Миннеаполистеги католик мектебинде ок атылып, эки бала көз жумду

Дүйнө 28 август 2025 10:00
Миннеаполистеги католик мектебинде ок атылып, эки бала көз жумду
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. АКШнын Миннеаполис шаарындагы католик мектебинде ок атылып, 8 жана 10 жаштагы эки бала көз жумду. Жалпысынан 17 киши, анын ичинде 14 бала жаракат алып, эки окуучунун абалы оор экенин Евроньюс агенттиги билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, аталган диний мектепте 14 жашка чейинки балдар окуйт.

Кылмышкер мектептин чиркөөсүнүн терезелерине ондон ашык жолу ок чыгарган. Ал кезде окуучулар жаңы окуу жумасынын башталышына арналган дин кызматында отурушкан.

Полициянын маалыматына ылайык, анын колунда мылтыктын эки түрү жана тапанча болгон. Кол салгандан кийин кылмышкер өзүн өзү атып салган. Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы белгиленет.