Минкаб төрагасы Каракол, Чолпон-Ата шаарларында ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты

17 апрель 2025 15:45
6800ca0f65d3f-thumb.jpeg
6800ca118c08c-thumb.jpeg
6800ca0d47848-thumb.jpeg
6800ca0e0f3b3-thumb.jpeg
6800ca0fab76d-thumb.jpeg
6800ca13c78cc-thumb.jpeg
6800ca14d0ac2-thumb.jpeg
6800ca20d4151-thumb.jpeg
6800ca21be12d-thumb.jpeg
6800ca22acbb8-thumb.jpeg
6800ca118c83f-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6800ca0f65d3f-thumb.jpeg
6800ca118c08c-thumb.jpeg
6800ca0d47848-thumb.jpeg
6800ca0e0f3b3-thumb.jpeg
6800ca0fab76d-thumb.jpeg
6800ca13c78cc-thumb.jpeg
6800ca14d0ac2-thumb.jpeg
6800ca20d4151-thumb.jpeg
6800ca21be12d-thumb.jpeg
6800ca22acbb8-thumb.jpeg
6800ca118c83f-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/ Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Каракол шаарында жүрүп жаткан курулуш объекттисинен кабар алды. 

Анда, “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу максатында Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин, Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын маалыматтарына ылайык, жалпы курула турган батирлердин саны 5 112. Бүткөрүү мөөнөтү үч этаптан туруп, ал 2028-жылдын аягына чейин созулат. Ал эми, каржылоо өз нугунда жүрүүдө. Үйлөрдү курууда жогорку сапаттагы материалдар колдонулуп, бардык сейсмикалык коопсуздук талаптары сакталганы айтылат.

Анда Адылбек Касымалиев мындай долбоор Кыргызстандын жарандарына жеткиликтүү, сапаттуу жана коопсуз турак жай менен камсыздоо максатында ишке ашырылып жатканын билдирди. 

Курулуп бүткөн батирлер Мамлекеттик программанын алкагында социалдык, жеңилдетилген жана жеткиликтүү ипотека багыттары боюнча кезекте турган жарандарга берилет. Ошондой эле биргелешкен курулуш механизми менен кезексиз берүү жагы каралган.