Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кызыл-Жардагы Республикалык психиатриялык ооруканасында болду.
Ведомстводон билдиришкендей, Дамир Осмонов мекеменин иши менен таанышып, жетекчилиги менен жолугуп, бөлүмдөрдү кыдырып чыкты.
Анда эркектер бөлүмүнө капиталдык оңдоо жүргүзүү зарылдыгы көтөрүлдү. Оңдоо иштеринин бир бөлүгү учурда жүргүзүлүүдө, ошол эле учурда мекемеге кошумча каржылоо талап кылынат.
Кароонун жыйынтыгы боюнча министр жооптуу түзүмдөргө бул маселени иштеп чыгып, тиешелүү сунуштарды даярдоону тапшырды.