Миллиондогон балдарды сактап калган донор Жеймс Харрисон 88 жашында көз жумду

Дүйнө Загрузка... 04 Март 2025 09:32
WhatsApp Image 2025-03-04 at 06.11.00.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Миллиондогон балдарды сактап калган донор Жеймс Харрисон 88 жашында көз жумду.

Еuronews маалымдагандай, австралиялык Жеймс Харрисондун канынын плазмасында сейрек кездешүүчү Anti-D антителосу болгон. Ал түйүлдүктүн жана ымыркайлардын кан оорусун алдын алууга колдонулат. Жеймс Харрисон өмүрүнүн соңуна чейин кан тапшырып, миллиондогон балдарды сактап калууга көмөктөштү. Ал 88 жаш курагында дүйнө салды.

Австралиянын Кызыл Крест коомунун эсептөөлөрү боюнча, Харрисон 2,4 млн наристенин өмүрүн сактап калды. Харрисондун канынын курамында антитело көп экендигине дарыгерлер өздөрү да таң калышчу. Муну алар Харрисондун өспүрүм курагында кан куйдурганы менен байланыштырып келишет. Жеймстин туугандарынын билдиришинче, ал өзү да донор болууну чечип, 18 жаштан 81 жашка чейин ар бир эки жума сайын кан берип турду.

Харрисон 2005-жылы кан плазмасын тапшыруу боюнча дүйнөлүк рекорд жараткан. Ал каза болгондон кийин да куткаруу миссиясы улантылары айтылууда. Анткени Мельбурн шаарындагы Медициналык изилдөөлөр институту жана Lifeblood лабораториясы Харрисондун антителосун ийгиликтүү өстүрүштү. Алдыда окумуштуулар бул ачылыш дүйнө жүзү боюнча түйүлдүктүн жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын кан оорусунун алдын алат деп үмүттөнүшөт.