Бишкек 03.06.25 /Кабар/. Америкалык Microsoft корпорациясы май айындагы ири кыскартуудан кийин дагы 300дөн ашуун кызматкерин жумуштан бошотту. Бул тууралуу компаниянын Вашингтон штатына жөнөтүлгөн билдирүүсүнө таянып Bloomberg агенттиги жазып чыккандыгын РИА Новости билдирди.
Май айында CNBC телеканалы Microsoft дүйнө жүзү боюнча өз кызматкерлеринин 3% кыскартарын билдирген. Microsoft компаниясынын расмий сайтына ылайык, 2024-жылдын июнунда дүйнө жүзү боюнча компанияда 228 миң адам иштеген.
Microsoft компаниясынын өкүлү бул өзгөрүүлөр "компаниянын позициясын бекемдеп, тездик менен өзгөрүп жаткан рынок шартында ийгиликтерге жетүү" үчүн жасалган кадам экендигин белгилеген.
Microsoft корпорациясы 1975-жылы Билл Гейтс менен Пол Аллен тарабынан негизделген. Анын башкы кеңсеси АКШнын Вашингтон штатындагы Редмонд шаарында жайгашкан. Компания негизинен программалык камсыздоону иштеп чыгууга адистешкен, өзгөчө Windows операциялык тутумунун түзүүчүсү катары белгилүү.