Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. Microsoft компаниясы 4800 кызматкерин кыскартарын жарыялады. Бул жалпы кызматкерлердин болжол менен 2,1 пайызын түзөрүн Казинформ кабарлайт.
Маалыматка ылайык, компаниянын кадрлар боюнча жетекчиси кызматкерлерге жолдогон билдирүүсүндө, жасалма интеллект айрым жумуштарды автоматташтырып, иштөө ыкмасын өзгөртүп жатканын белгиледи. Бирок ал кыскартылып жаткан кызмат орундарын жасалма интеллект алмаштырбай турганын белгиледи.
"Бүгүн жоюлуп жаткан кызмат орундарын жасалма интеллект алмаштырбайт. Ошол эле учурда жасалма интеллект иштөө процесстерин өзгөртүп жатканы чын", - деген ал.
Microsoft компаниясы адатта каржы жылынын соңунда (июнь айынын аягында) жаңы бюджеттик пландарды түзүү максатында кадрдык өзгөрүүлөрдү жүргүзүп келет.
6-июлда Microsoft компаниясынын акцияларынын баасы 1,5%дан ашык төмөндөгөнү кабарланды.
Белгилей кетсек, буга чейин Microsoft компаниясы OpenAI технологияларына болгон эксклюзивдүү мүмкүнчүлүгүн жоготкону тууралуу маалымат тараган.